Калктын аярлуу катмарына жардам берүү максатында “Жардам Штабы” түзүлдү

Кыргызстанда түзүлгөн оор кырдаалга байланыштуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, муктаж болгон социалдык аярлуу топторго, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдардын, активдүү жана кайдыгер эмес жарандардын биригүүсү АРКЫЛУУ “ЖАРДАМ ШТАБЫ” түзүлдү.

Бул кыймылга төмөнкү коомдук уюмдар:  “Кызыл Жарым-Ай” коому, «Народный штаб -Биз барбыз», “Perspective” окуу борборлор тармагы, “Дарди добро” уюму, “Чоң Казат”, КБ “Спасатель”, “Добровольный отряд спасателей”, БИГ “Добрые руки”, “Путеводная звезда” ККФ, “Никто кроме нас”, “Азия ТВ”, Ак-Демилге” ККФ, “Газпром”, “Наш Голос” КБ, ГМПК, “Руки Добра” ККФ жана башка уюмдар кошулуп иштей баштады.

Азыркы күндө “ЖАРДАМ ШТАБЫ” Бишкек жана Ош шаарларында ишке киришти.

жардам муктаж болгондор ҮчҮн!

Жардамга муктаж болгон жарандар тамак-аш продуктуларын, өздүк коргонуу каражаттарын төмөнкү жолдор менен алса болот:

  • Саат 09:00 дан 18:00 гө чейин “1227” номуруна чалып кайрылуу. Чалуу акысыз.
  • «НАРОДНЫЙ ШТАБ-БИЗ БАРБЫЗ» Телеграм – канал аркылуу;
  • Мобилдик “ЖАРДАМ БЕРЕМ” приложениеси аркылуу,
  • Фейсбуктун “ШТАБ ПОМОЩИ” баракчасы аркылуу кайрылуусу зарыл.

 

ЖАРДАМ БЕРҮҮНҮ КААЛАГАНДАР ҮЧҮН !

“Жардам Штабы” бардык кайдыгер эмес жарандарды бул жалпы кайрымдуулук ишке өз салымын кошууга чакырат. Жардам тамак-аш формасында, жана акчалай түрдө кабыл алынат.

Акча каражаттарын которуу үчүн эсеп/счету: 4402011103034541 (Кыргыз Республикасынын Эмгек, жана Социалдык өнүктүрүү министрлиги– калктын аярлуу катмарын биринчи кезекте керектелүүчү продуктулар менен камсыз кылуу).

Биринчи кезекте керектелүүчү продуктулардын тизмеси: УН, КУМШЕКЕР, ЧАЙ, КАРТОШКА, ӨСҮМДҮК МАЙЫ, КҮРҮЧ, ГРЕЧКА, МАКАРОН.

Жеке коргонуучу каражаттардын тизмеси: МАСКА, КОЛ КАП, АНТИСЕПТИК КАРАЖАТТАРЫ, ӨЗГӨЧӨ КОРГОНУУ ФОРМАЛАРЫ.  

Жардам берүү боюнча билдирмелерди кабыл алуу боюнча жооптуу кызматкер: Айталиев Урмат  0550-99-05-74.

“ЖАРДАМ ШТАБЫ” активдүү жаштарды жана ыктыярчыларды даректүү жардамды, тамак-аш жеткирүү жана таркатуу жумуштарына  жардамга чакырат. 0312-300-190 телефону аркылуу ыктыярчы катары жазылсаңыз болот. Пайда болгон суроолор болсо “1227” номуруна чалып сурасаңыз болот.

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар