«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын I – кварталындагы иши тууралуу маалымат

Борбордун кызматкерлери күн сайын жана күнү-түнү 111 кыска номерине келип түшкөн чалууларды кабыл алышат, угат жана абоненттерге же консультация, же психологиялык жардам көрсөтөт. Кабыл алынган суроолор – чалуулар журналга катталат, аларга анкета толтурулат, бардык чалуулар жазылат.

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын I – кварталында 34531 телефондон кайрылуу (же орточо бир суткада 379 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 915 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (67 же 7,3% жаш балдардан, ал эми 848 же 92,7% чоң адамдардан түшкөн), 772 абонентке жеринен телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 33 абонентке психологиялык консультация берилди, 110 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

915 чалуунун  ичинен эркектерден – 230 (25,1%), аялдардан – 685 (74,9%), балдардан – 67, анын ичинен эркек балдардан – 22 (32,9%), кыздардан – 45 (67,1%).

915 кайрылган абоненттердин ичинен көбү 422 чоң адамдар же 46,1% жардамга муктаж болгон жарандар (азык – түлүк, гуманитардык, финансылык, юридикалык жардам сурагандар, адвокат, юрист, психолог, логопед, үй, паспорт, аскердик билет, балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу, эмгек акыны төлөө, мектеп окуучуларын автоунаа менен камсыздоо, алимент төлөө, имараттарды дезинфекциялоо, адамды издөө, баланын жашаган жерин аныктоо боюнча, мамлекеттик  мекеме жана башка уюмдардын даректерин сурашкан).

Борборго кайрылган 152 абонент же 16,6% социалдык жардам сурап чалган. Алар “үй-бүлөгө көмөк”, “балага сүйүнчү”, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул, ДМЧ балдарды караган жеке ассистенттин кызмат акысын, камкорчусунан ажырагандыгы боюнча пенсия чектөө жана төлөө, баланы асырап алуу, небересин комкордукка алуу, баланын жашаган дарегин аныктоо, майыптыгын жана группаны кайра карап чыгуу, кресло-коляска алуу, үй-бүлө жана балдарды текшерүү боюнча, “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо тартибин сурап кайрылышкан.

50 же 5,5% чалуулар ар кандай суроолор боюнча болгон («Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун кызматкерлерине ыраазычылык, азык – түлүктөрдүн, жол киренин баасынын көтөрүлүшүнө арыздануу,   ижарага алган үйдүн акысын төлөө, үйгө укугу, көчөдө ойногон  балдар, ызычуулар, кошуналар, байланыш операторуна, маршруттук таксинин айдоочусуна, троллейбустагы тилемчилерге нааразычылык, сабактарды аткаруу, карызды кайтаруу, өткөрүү пунктары жөнүндө маалымат, банктан справка алуу тууралуу,  балдарды чек арадан чыгарууга тыйуу салуу жана ата – энелердин укугун коргоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча сунуштар).

Үй–бүлөлүк мамилелер бузулуп жана чыр–чатактар чыккандыгы тууралуу 46 же 5,0% абонент чалган. Буларга аял – күйөөсү, атасы, баласы, агасы, кайынэнеси, кайниси, чоң энеси, туугандар арасында түшүнбөстүктөр, чыр–чатактар, балдарды ата – энесинин бирөөсүнүн карамагына берүү, атасынын балдарды багууга жардам бербегендиги, күйөөсүнүн аракечтиги, ата – энелик милдеттен ажыратуу себеп болгон.

38 же 4,1% абонент аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу кабарлаган (күйөөсү, атасы, ойношу, баласы, кайынэнеси, бейтааныш эркектер тарабынан, эрте никеге турууга мажбурлоо, аялдарды үй – бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө консультация).

36 же 3,9% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине жана ишине нааразычылык билдирген.

33 же 3,6% абонент медициналык камсыз кылуу  (доктурга, медайымга арыздануу,  балдарды медициналык текшерүүгө төлөм, кош бойлуулук жана төрөт боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасын алуу, маска жана антисептиктерге баанын жогорулашы, өзгөчө кырдаал киргизген тууралуу, коронавирустун симптому, дары – дармекке, дарыланууга муктаждык, диагноз коюу, медициналык кароо, ҮДБ даректери, тез жардам кызматын чакыруу) боюнча чалган.

Билим берүү системасы боюнча 31 же 3,4% абонент чалып, мектептин мугалимдеринин, класс жетекчинин, директордун жана мектеп администрациянын ишине арыздануу, мектепте акча чогултууга, музыкалык мектепке, баланы сабактан бошотуу, акысыз жана дистанциондук окуу, бала бакчанын башчысына жана тарбиячысына арыздануу, баланы бала бакчага орноштуруу, анын шартын жакшыртуу тууралуу билдирген.

Психологиялык жабырлануудан  30 же 3,3% абонент, алардын ичинен 17 жаш балдар кайрылган. Алардын кайрылуусуна турмуштук оор кырдаалга кабылуу, энеси, агасы менен болгон  чыр–чатак, келишпестик, жалгыздык, ата – энелер тарабынан баарлашуунун, сүйүүнүн жетишпездиги, сабак окуганга кызыгуунун жоктугу,  коркунуч, эркинин жетишпестигин, уурдоого айып коюу, тең туштар,  келин менен кайынэненин, досу менен, өгөй атанын кызы бири – бири менен түшүнбөстүктөрү, төрөй албагандык, жыныстык катнашка кызыгуу себеп болгон.

28 же 3,1% абонент балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук ата – энеси, чоң эне, чоң атасы, эжеси, агасы, өгөй эне, өгөй атасы, кошунасы, жогорку класстын окуучусу, бала бакчанын тарбиячысы, бейтааныш эркек тарабынан болгон тууралуу кабарлаган.

17 же 1,9% абонент Борбордун иши тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган.

17 же 1,9% абонент баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын, окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара  мамилелери, ата – эне, досу, классташтар тарабынан менен өз ара түшүнбөстүк, балдарды тарбиялоо тууралуу консультация, окуучулардын укугу тууралуу  чалуулар түшкөн.

12 же 1,3% кайрылуу балдарга карата ата – эне, чоң эне тарабынан кайдыгер мамиле тууралуу болгон.

2 абонент же 0,2% мектептеги рэкет боюнча түшкөн.

1 же 0,1 суицид  тууралуу чалган.

33616 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсүн талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт.

110 кабарланган билдирүүнүн ичинен 93 же 84,5% – райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына (РШЭСӨБ) жөнөтүлдү,  12 же 10,9% – ички иштер органдарына, 3 же 1,8% – саламаттыкты сактоо органдарына, 1 же 0,1% балдардын психоневрологиялык ССМ, 1 же 1,0%  башка уюмдарга жөнөтүлдү.

Бул мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай өз ара иш алып барат, алардын жыйынтыгы боюнча аймактык органдардан жыйынтыгы боюнча маалымат, жооп алып турат.

Түшкөн 915 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек  шаарынан   –443 же 48,4 %;

– Чуй облусунан –171 же 18,7%;

– Ош облусунан – 100 же 10,9 %;

– Жалал – Абад облусунан –  95 же 10,4%;

– Ысык – Көл облусунан – 46 же 5,0%;

– Нарын облусунан –25 же 2,7 %;

– Баткен облусунан – 25 же 2,7 %;

– Талас облусунан – 10 же 1,1 %.

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү.

Балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу кайрылган 9 абонентке телефон аркылуу борбордун кызматкерлери консультация берген, 1 факты анык болуп, 7 факты аныкталган эмес. Буга байланыштуу бардык үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу 5 кайрылуу боюнча фактылар аныкталган эмес, үй-бүлөлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

– 9 турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан жашаган жерине барып, изилденип чыгып, каттого алынды;

21 абонентке райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан сунуштар жана консультациялар берилди.

1 бала убактылуу үй-бүлөсүнөн алынып, балдарды реабилитациялоо борборуна убактылуу жайгаштырылды.

1 жашы жете элек бала табылып, балдар Борборуна убактылуу жайгаштырылды.

1 кайрылуу боюнча РШСӨБ кызматкерлеринин жардамы менен абонентке баласы менен жолугууга жардам көрсөтүлдү.

2 балага “балага сүйүнчү” жөлөкпул төлөндү.

Үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн 6 факт боюнча 1 факт тастыкталаган эмес, РШИИБ  кызматкерлери тарабынан зомбулук көрсөткөн адамдар менен профилактикалык иш чара өткөрүлдү.

Беловодскийдеги балдар психикалык ССМ кызматкерине болгон арыз текшерилди.

1 абонентке демөөрчүлор тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

2 абонентке тез жардам кызматын чакырууга жардам берилди.

2019 – жылдын I – кварталы (657 чалуу) менен 2020 – жылдын I – кварталын салыштырганда, чалуулардын саны 39,2%га көбөйгөн. Чалуулардын көбөйүшүнүн себеби, 2020 – жылдын 25 – мартынан тартып республиканын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоого байланыштуу өзгөчө абал киргизилгендиктен болгон.

Пайдалуу
Ссылкалар