Министрлик “Асырап алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр порталын” ишке киргизди

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгында асырап алуу чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги иштин ачык-айкындыгын камсыз кылууга, ошондой эле бала асырап алуу маселелеринде коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга багытталган иштерге өзгөчө көңүл бөлөт.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарды асырап алуусу баланы үй-бүлөгө тарбиялоого орноштуруунун артыкчылыктуу формасы болуп саналат.

Ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды асырап алуу боюнча кызматтарды сапаттуу көрсөтүү, балдар жөнүндө маалыматка жетүү жана балдарды тандоо жана асырап алуу жол-жобосунун ачыктыгын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды асырап алуу жол-жобосун өркүндөтүү максатында Министрлик “Асырап алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр порталын” иштеп чыккан, бул сайтта https://mlsp.gov.kg шилтеме боюнча жайгаштырылган.

Асырап алуу боюнча кызмат көрсөтүү порталы бала асырап алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары пайдалануусу үчүн ыңгайлуу болгон жаңы электрондук система болуп саналат.

Асырап алуу боюнча кызмат көрсөтүү порталында ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында катталган, жынысы, курагы жана улуту боюнча статистикалык маалыматтар жайгаштырылат.

Портал бүткүл Кыргызстан боюнча балдар тууралуу бирдиктүү маалыматтар банкын камсыз кылат, бул жарандарга бүткүл өлкө боюнча балдар жөнүндө маалыматтарды он-лайн режиминде көрүүгө мүмкүндүк берет. Бала асырап алууну каалаган жаран үйүнөн чыкпастан эле электрондук форматта Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө арыз бере алат. Баланын белгиленген критерийлерге ылайык, жаран асыроочулардын талапкер статусун алгандан кийин балдардын маалыматтарын республика боюнча ала алат. Белгилей кетчү нерсе, мурда аймактык башкармалыктар өзүнүн районунда гана катталган балдар жөнүндө маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Эми система республика боюнча бардык балдар тууралуу маалыматтарды берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Бала менен жолугушууга каалоосун билдирген учурда, портал автоматтык түрдө бала менен жолугушууга багыттаманы түзөт. Портал автоматтык түрдө талапкердин баланы асырап алуу жөнүндө оң чечиминин жыйынтыгы боюнча 24 сааттын ичинде болжолдуу камкорчулук/асырап алуу жөнүндө буйрук түзөт.

Порталда төмөнкү процесстер каралган:

-асырап алуучу болууга талапкер катары арыз берүүнүн

электрондук формасы;

– асырап алуучу талапкердин бүткүл республика боюнча баланы издөө процесси;

– асырап алуучу талапкердин бала менен жолугушууга электрондук арызын бериши;

– асырап алуучу талапкерлердин бала менен жолугушуусуна жолдомону электрондук калыптандыруу;

– жолугушуунун натыйжаларын он-лайн толтуруу;

– асырап алуу үчүн электрондук макулдугун алуу.

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар