НАМА фонду муктаждарга гумантардык жардам көрсөттү

НАМА фонду COVID-19 илдетине каршы.
Ушундай аталыштагы лозунг менен NAMA фондунун долбоору Кыргызстанда старт алды.
КРнын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров жана Саид Баюми, NAMA уйумунун өкүлдөрү азык-түлүк даярдалган жерге барып долбоордун ачылышын өткөрүп жана Бишкек шаарынын конуштарындагы муктаж үй-бүлөлөргө таратууга катышышты.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тизмеси боюнча 350тонна азык-түлүк 7 дубанга тең таратылат. Өзгөчө алыскы аймакта экономикалык катаал шартта жашаган райондорго айыл кыштактарга берилет.
Ар бир үй-бүлөгө төмөнкүдөй курамдагы жардамдар берилет:
– Ун ж/с 25кг
– Макарон 5кг
– Гүрүч 3кг
– Кумшекер 3кг
– Өсүмдүк майы 3л
– Чай 250гр
Долбоор Кыргызстандагы NAMA фондунун өнөктөштөрү, Ала-Тоо Өнүктүрүү Борбору коомдук фонду жана NICE Кыргызстан тарабынан, Ассанабил кайрымдуулук фондунун катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо, Эмгек жана социалдык өнүгүү, Билим берүү жана илим министрликтеринин, жергиликтүү райондук администрациялардын колдоосу менен, ишке ашырылууда.
Долбоор пандемия менен күрөшүүгө үч жол менен жардам берүү максатын көздөйт. Бул медицина, билим берүү жана тамак-аш менен камсыздоо. Долбоордун алкагында Кыргызстандын 7 областына 7 тез жардам унаасы, 4 ивл аппараты, 10,000 медициналык маска, 2000 дем алуу маскасы, 100,000 медициналык кол кап, 350 тонна азык-түлүк жана 50дөн ашуун мектептерге онлайн сабактарын жакшыртуу үчүн 200 ноутбук гуманитардык жардам катары берилет.

Пайдалуу
Ссылкалар