«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын июнь айынын 3 – жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 15 – 22 июнуна чейин  2798 телефондон кайрылуу (же бир суткада 399 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 91 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 12 (же 13,2%) жаш балдардан, ал эми 79 (же 86,8%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 58 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 12 абонентке психологиялык консультация берилди, 21 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

91 чалуунун  ичинен эркектерден – 28 (30,8%), аялдардан – 63 (69,2%), балдардан– 12: анын ичинен эркек балдардан – 7 (58,3%), кыздардан – 5 (41,7 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 17;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 11;

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап – 10;  

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 9;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 9;

– психологиялык жабырлануудан – 8;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 6;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 6;

– медициналык камсыздоо боюнча – 5;

– ар кандай суроолор менен – 4;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин кызматкерлерине, же анын ишине нааразычылык билдирип – 3;

– суицид жөнүндө -1;

– билим берүү системасы боюнча – 1;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 1.

2707 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 26  (же 28,6%);

– Чуй облусунан – 19  (же 20,9%);

– Жалал-Абад облусунан – 11 (же 12,1%);

– Ош облусунан – 7 (же 7,7%);

– Нарын обусунан – 5 (же 5,5%);

 -Талас облусунан – 5 (же 5,5%);

– Ысык-Көл облусунан – 4 (же 4,3%);           

– Ош шаарынан – 3 (же 3,3%).

– Баткен облусунан – 2 (же  2,2%);

– анонимдерден – 9 (же 9,9%)..

Пайдалуу
Ссылкалар