Министрликтин райондук башкармалыктарынын кызматкерлери багып алуучу үй-бүлөлөлүк кызматты уюштуруу  боюнча  окуудан өтүшүүдө

КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги “Балалык институту” Коомдук фонду менен биргеликте Ысык-Көл облусунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлерин, багып алуучу үй-бүлөлөлүк кызматты уюштуруу  боюнча  окутуу өткөрүүдө. Бул кызматты уюштуруу маалыматтык жарнамалык кампанияны, потенциалдуу убактылуу багып алуучу ата-энелерди жалдоо жана талапкерлерди тандоону камтыйт. Тренингдин катышуучулары ата-энесинин камкордугунан ажыратылган балдарды багып алуучу үй-бүлөгө жайгаштырууга ийгиликтүү таасир эткен маалыматтык-коммуникациялык иш-чараларды пландаштырууну карап жатышат. Ошондой эле потенциалдуу багып алуучу ата-энелерди тандоо жана балдарды үй-бүлөгө жайгаштырууга даярдоо процесси каралды.

Тренинг Европа Биримдигинин “ҮЙ-БҮЛӨЛҮК КАМКОРДУК ФОРМАСЫ: оор кырдаалга кабылган балдар жана үй бүлөлөр үчүн коомдоштук деңгээлинде үй-бүлөгө багытталган социалдык кызматтарды өнүктүрүү” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Пайдалуу
Ссылкалар