«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын июль айынын 1 – жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 1 – 8 июлуна чейин  2165 телефондон кайрылуу (же бир суткада 309 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 45 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 5 (же 11,1%) жаш балдардан, ал эми 40 (же 88,9%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 32 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 8 абонентке психологиялык консультация берилди, 5 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

45 чалуунун  ичинен эркектерден – 7 (15,6%), аялдардан – 38 (84,4%), балдардан– 5: анын ичинен эркек балдардан – 0 (0,0%), кыздардан – 5 (100,0 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 12;

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап – 6;  

– медициналык камсыздоо боюнча – 6;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 4;

– психологиялык жабырлануудан – 4;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 4;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 3;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин кызматкерлерине, же анын ишине нааразычылык билдирип – 1;

– билим берүү системасы боюнча – 1;

– суицид жөнүндө -1;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 1;

– ар кандай суроолор менен – 1.

2120 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 23  (же 51,1%);

– Чуй облусунан – 6  (же 13,3%);

– Жалал-Абад облусунан – 6 (же 13,3%);

– Ош облусунан – 5 (же 11,1%);

– Ош шаарынан – 2 (же 4,4%).

– Ысык-Көл облусунан – 1 (же 2,2%);           

– Баткен облусунан – 1 (же  2,2%);

– анонимдерден – 1 (же 2,2%).

Пайдалуу
Ссылкалар