«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын июль айынын 2 – жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 8 – 15 июлуна чейин  2523 телефондон кайрылуу (же бир суткада 360 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 74 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 17 (же 23,0%) жаш балдардан, ал эми 57 (же 77,0%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 59 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 7 абонентке психологиялык консультация берилди, 8 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

74 чалуунун  ичинен эркектерден – 16 (21,6%), аялдардан – 58 (78,4%), балдардан– 17: анын ичинен эркек балдардан – 1 (5,9%), кыздардан – 5 (94,1 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– жардам сурап – 14;  

– социалдык жардам сурап – 13;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 11;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 10;

– ар кандай суроолор менен – 6;

– психологиялык жабырлануудан – 5;

– медициналык камсыздоо боюнча – 5;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 3;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 2;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин кызматкерлерине, же анын ишине нааразычылык билдирип – 1;

– суицид жөнүндө -1.

2449 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 17  (же 23,0%);

– Жалал-Абад облусунан – 15 (же 20,3%);

– Ош шаарынан – 10 (же 13,5%).

– Ысык-Көл облусунан – 9 (же 12,1%);          

– Ош облусунан – 7 (же 8,1%);

– Чуй облусунан – 6  (же 13,3%);

– Баткен облусунан – 4 (же  5,4%);

– Талас облусунан – 1 (же 1,3%);

– Нарын облусунан – 1 (же 1,3%);

– анонимдерден – 4 (же 5,4%).

Пайдалуу
Ссылкалар