Медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиялары иштеп башташты

КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу  Медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиялары иштеп башташты.

Аймактык МСЭК төмөнкү иштерди улантышат:

– медициналык-социалдык экспертизадан өтүү үчүн медициналык уюмдар тарабынан даярдалган документтер топтомун тапшыргандан кийин майыптардын жеке катышуусу жок кайрадан кароодон өткөрүлөт жана мурунку күбөлөндүрүү учурунда майыптуулук белгиленген күндөн тартып майыптык белгиленет;

– мурунку күбөлөндүрүү учурунда 18 жашка чыга элек  “ДМЧА бала” категориясы белгиленген жана кайрадан күбөлөндүрүү мөөнөтү көрсөтүлгөн мөөнөткө дал келген жаранга майыптыкты узартуу берилген документтер пакетине ылайык I, II, III майыптык топторун белгилөө  жолу менен жүргүзүлөт;

– алгачкы текшерүү медициналык-социалдык экспертиза боюнча колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлөт;

– комиссиялардын көчмө жыйындары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты кабыл алган буйруктарга ылайык өткөрүлөт.

Эске салсак, өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашын жана МСЭК кызматкерлеринин коронавирустук инфекция менен ооруган учурларын эске алуу менен, коронавирустук инфекциянын жаңы учурларын андан ары алдын алуу жана таралышын болтурбоо максатында, МСЭКтин аймактык (райондор аралык, шаардык) кызматтары ушул жылдын 6-июлунан 1-августка чейин карантинге жабылган.

Белгилеп кетүүчу жагдай, өзгөчө кырдаал убагында майыптыгы боюнча төлөмдөр документтерди талап кылбастан узартылат,ошондой эле  ДМЧАны кайрадан күбөлөндүрүү мөөнөтүн узартууда кезектеги күбөлөндүрүү датасы өзгөчө кырдаал мезгилине дал келсе, мурдакы  күбөлөндүрүүдө майыптык белгиленген күндөн тартып өтүп кеткен мөөнөттү эсептейт, башкача айтканда, республикадагы өзгөчө кырдаал мезгилинде мурда белгиленген майыптуулук тобун же “ДМЧ бала”категориясын өзгөртпөстөн жүргүзүлөт.

Пайдалуу
Ссылкалар