«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын август айынын 2 – жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 8 – 15 августуна чейин  3363 телефондон кайрылуу (же бир суткада 480 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 92 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 52 (же 56,5%) жаш балдардан, ал эми 40 (же 43,5%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 59 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 28 абонентке психологиялык консультация берилди, 5 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

92 чалуунун  ичинен эркектерден – 14 (15,2%), аялдардан – 78 (84,2%), балдардан– 52: анын ичинен эркек балдардан – 8 (15,4%), кыздардан – 44 (84,6 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– психологиялык жабырлануудан – 20;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын           мамилелери тууралуу – 19;

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап – 13;

 – БҮТ борбору жөнүндө маалымат – 10;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 7;

– социалдык жардам сурап – 6;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 4;

– суицид тууралуу кайрылуу – 3;

–  аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 3;

– ар кандай суроолор менен –2 ;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин кызматкерлерине, же анын ишине нааразычылык билдирип – 2.

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу –1.

3271 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –25 (же 27,2);

– Чуй облусунан – 8 (же 8,7%);

– Жалал-Абад облусунан – 7 (же 7,6%);

– Талас облусунан – 7 (же  7,6%);

– Нарын облусунан – 6 (же 6,5%);

– Ысык-Көл облусунан – 5 (же 5,4%);           

– Ош шаарынан – 4 (же 4,3%);

– Ош облусунан – 3 (же 3,3%);

– Баткен облусунан – 3 (же  3,3%).

– анонимдерден – 24 (же 26,1%);

Пайдалуу
Ссылкалар