“Иштеген иши үчүн азык-түлүк” долбоору алкагында 63,4 миң адам азык-түлүктөр менен камсыз болгон

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү активдүү социалдык жактан колдоо максатында, министрлик БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликтеги 2018-2020-жылдарга “Иштеген иши үчүн азык-түлүк” кеңири масштабдагы долбоор ишке ашырылууда.

2020-жылдын 1-июлуна карата  республика боюнча 519 инфраструктуралык, окутуучу жана киреше алып келүүчү долбоорлор ишке ашты, анын алкагында 63,4 миң адам (12,4 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөр) азык-түлүктөр (ун жана өсүмдүк майы) менен камсыз болгон. Жалпысынан долбоордун алкагында 2041 тоннага жакын азык-түлүк жардамдары берилди.

Азык-түлүктөр бир катар аткарган иштер үчүн берилген, (жолдорду, каналдарды, ичүүчү суу системаларын куруу, бак дарактарды отургузуу, социалдык объектилерди оңдоо ж.б.).

Пайдалуу
Ссылкалар