Майыптуулукту аныктоонун жол-жобосу жөнөкөйлөтүлдү

Эл аралык классификациясынын (КЭК) элементтерин колдонуу менен ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарды таануу жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 “Кыргыз Республикасында медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтому кабыл алындыгын Министрлик эскертет.  (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июлундагы № 282 токтому).

Токтомго ылайык, өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режимдери жоюлгандан кийин, 6 айдын ичинде МСЭК кызматтары медициналык уюмдар тарабынан даярдалган медициналык-социалдык экспертиза үчүн документтердин толук пакети берилгенден кийин майыптардын жеке катышуусу жок мурунку майыптык аныкталган күндөн баштап майыптыгын белгилейт.

Майыптык мурунку экспертизада 18 жашка чыкканга чейин “ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген бала” категориясын алган жана кайрадан текшерүү мөөнөтү көрсөтүлгөн мөөнөткө туура келген жарандарга берилген документтер пакетине ылайык I, II, III топтогу майыптыкты  аныктоо менен майыптуулугу узартылат.

Пайдалуу
Ссылкалар