Медициналык-социалдык экспертизалоо (МСЭ) системасын оптимизациялоо

Министрликтин системасында 27 медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) иштейт, алар майыптуулук фактысын белгилөө боюнча ырастоо жана кайрадан ырастоону, майыптуулуктун тобун, себебин, мөөнөтүн аныктайт жана ДМЧА реабилитациялоо боюнча жеке планын иштеп чыгат.

Министрлик тарабынан майыптуулукту аныктоодогу жана көйгөлөрдү чечүүдөгү мамилелерди эл аралык стандарттар жана ченемдерге ылайык өзгөртүү боюнча максаттуу иштер аткарылууда.

МСЭКтин негизги кызматтары бара-бара ДМЧАлар үчүн социалдаштырылат, аларга өз учурунда медициналык жактагы экспертиза (майыптыкты аныктоо) жана социалдык жактагы экспертиза (эмгекке жарактуулугу боюнча) тарабында адаптацияланат.

Балдардын церебралдык шал оорусу (БЦШ) менен ооруган балдарга майыптык боюнча баа берүүдө жана калыбына келтирүүнүн жекече программасын иштеп чыгууда Кыймыл-аракеттин, тиричилик аракеттердин жана ден соолуктун чектелишинин эл аралык классификациясынын (КЭК) элементтерин колдонуу менен пилоттук сыноону жүргүзүүнүн иш аракеттеринин Планы ишке ашырылды.

Пландын алкагында МСЭК № 1 жана № 3, ҮМБ № 13, Токмок шаарындагы МСЭК, “Максат” РБ, Ош реабилитациялык борбордун, Ош облустук оорукананын базасында майыптуулукту баалоодо жана ДМЧА реабилитациялык жеке планын (РЖП) иштеп чыгууда КАЭК колдонууну пилоттук сыноо болду.

Пилоттук сыноонун жыйынтыгы Кыргыз Республикасында майыптуулукту аныктоодогу жана ДМЧА реабилитациялоодо заманбап мамилелерди киргизүү мүмкүнчүлүкторүн корсоттү. Ошондой эле пилоттук сыноодогу адистердин оз ара кызматташуу жана коммуникациянын жакшырганы байкалган, бул болсо РЖП ишке ашырууга жакшы таасир берди.

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар