Бүгүнкү күндө 1746 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар кресло-коляскалар менен камсыз болушту

Бүгүнкү күндө 1746 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар кресло-коляскалар менен камсыз болушту. Алардын ичинен 855 чоңдор жана 891 майыптыгы бар балдар.

Кресло-коляскалар майыптыгы бар адамдарга 3 жашынан баштап берилет. Алар бекер 5 жылга берилет.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды кресло-коляскалар менен камсыздоо алардын иш жүзүндө жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдөр тарабынан ишке ашырылат.

Кресло-колясканы бекер берүүгө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу негиз болот.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар кресло-коляска алуу үчүн аймактык бөлүмдөргө (райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрү) төмөнкүлөрдү беришет:

– арызды;

– МСЭКтин корутундусу;

– иш жүзүндө жашаган жеринен маалым катты.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын кресло-коляскаларды алууга арызы аймактык бөлүмдөр тарабынан кабыл алынат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга кресло-коляскалар аймактык бөлүмдөргө келип түшкөнүнө жараша Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасынын журналына катталган жазууларга ылайык электрондук кезек тартибинде берилет.

 

Пайдалуу
Ссылкалар