2020-жылдын 2-кварталында турмуштук оор кырдаалга кабылган 725 үй-бүлө жана 2126 бала аныкталган

2020-жылдын 2-кварталында турмуштук оор кырдаалга кабылган 725 үй-бүлө жана 2126 бала аныкталган. Аларга 393 үй-бүлө менен жеке иштөө планы жана 1342 баланы коргоо боюнча жеке планы түзүлгөн.

Быйылкы жылдын 2-кварталында  балдарга карата 274 зордук зомбулук факты катталган, алардын ичинен – 170 дене-бойлук зомбулугу, 33 – сексуалдык жана 19- психологиялык. Андан сырткары, мыйзам менен чатагы бар 632 бала аныкталган.

КРнын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн маалыматына ылайык 85 480 мигранттардын балдары табылган. Алардын ичинен 70 352 тышкы мигранттардын балдары болсо, 15 128 ички мигранттарды балдары.

Балдар табылган учурда, 4231 бала туугандары эмес, чоочун адамдардын үйүндө жашаганы билинген. Ар кандай себептер менен мектепке барбаган 10 бала аныкталган.

Бүгүнкү күндө, 611 бала расмий түрдө камкордукка алынган. Райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын чечими менен 384 бала жана соттордун чечими менен 228 бала.

Ошондой эле, 250 баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү калыбына келтирилген.

 

Пайдалуу
Ссылкалар