Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова Бишкек шаарындагы кризистик борборлордун жетекчилери менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулук жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Министрдин орун басары карантин учурунда жабыркагандарга колдоо, жардам көрсөткөн кризистик борборлордун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, мындан ары да жемиштүү кызматташтыкка үмүт артарын билдирди.