«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын октябрь айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 8–15- октябрына чейин 2371 телефондон кайрылуу (же бир суткада 338 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 48 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган, анын ичинен 21 (же 43,8%) жаш балдардан, ал эми 27 (же 56,2%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 37 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 6 абонентке психологиялык консультация берилди, 5 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

48 чалуунун  ичинен эркектерден – 12 (же 25,0%), аялдардан – 36  (же 75,0%), балдардан– 21: анын ичинен эркек балдардан – 6 (же 28,6%), кыздардан- 15 (же 71,4 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 10;

– социалдык жардам сурап –9;

– психологиялык жабырлануудан – 6;

–  балдарга карата ырайымсыз мамиле көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 3;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 3;

– ар кандай суроолор менен – 3;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап – 2;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 2;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 2;       

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин кызматкерлерине, же анын ишине нааразычылык билдирип – 1;

 – мектептеги рэкет тууралуу – 1.

2323 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 23  (же 47,9%);

  – Чуй облусунан –  5 (же 10,4%);

– Ош облусунан – 2 (же 4,2%);

– Ысык-Көл облусунан – 2 (же 4,2%);

– Ош ш. – 2 (же 4,2%);

– Жалал-Абад облусунан – 2 (же 4,2%);

– Талас облусунан – 2 (же 4,1%);

– анонимдерден – 10 (же 20,8%).

Пайдалуу
Ссылкалар