«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын октябрь айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын октябрында 10880 телефондон кайрылуу (же бир суткада 350 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 275 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 115 же 41,8% жаш балдардан, ал эми 160 же 58,2% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 202 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 47 абонентке психологиялык консультация берилди, 26 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

275 чалуунун ичинен эркектерден – 66 (же 24,0%), аялдардан – 209 (же 76,0%), балдардан– 115: анын ичинен эркек балдардан – 31 (же 27,0%), кыздардан – 84 (же 73,0 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу –53;

– социалдык жардам сурап –41;

– психологиялык жабырлануудан –39;

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап –31;  

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу –23;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат –17;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу –16;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу –15;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу –13;

– медициналык камсыздоо боюнча –9;

– ар кандай суроолор менен –7;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин кызматкерлерине, же анын ишине нааразычылык билдирип –4;

– билим берүү системасы боюнча –3;

– суицид тууралуу кайрылуу –3;

– мектептеги рэкет тууралуу – 1.

10605 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 83 (же 30,2 %);

– Чуй облусунан – 36 (же 13,1 %);

– Жалал-Абад облусунан – 23 (же 8,4%);

– Ысык-Көл облусунан – 19 (же 7,0 %);

– Ош облусунан – 12 (же 4,3%);

– Ош шаарынан – 10 (же 3,6 %);

– Талас облусунан – 6 (же 2,2 %);

– Нарын облусунан –  4 (же 1,4%);

– Баткен облусунан – 2 (же 0,7 %);

– анонимдерден – 80 (же 29,1 %).

Пайдалуу
Ссылкалар