Некролог – Эсенаманов Манас Эркинбекович

2020-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, персоналдык пенсионер Эсенаманов Манас Эркинбекович 89 жашында көз жумду. Ал бүт өмүрүн өз өлкөсүнүн жаркын келечеги үчүн талыкпай эмгектенүүгө арнады. Манас Эркинбекович ар кайсы жылдары Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары, Фрунзе шаарынын Аткаруучу комитетинин орун басары, Чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык боюнча Кыргыз коомдорунун вице-президенти кызматтарын аркалаган. Манас Эркинбекович Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө багытталган атайын кызматтары, коомдук иш-аракеттери үчүн “Бишкек шаарынын ардактуу атуулу”, “Кыргыз Республикасынын Аксакалдар Кеңеши” бейөкмөт уюмунун ардактуу мүчөсү наамдарына ээ болгон.

Манас Эркинбекович Эсенамановдун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

КРнын ЭСӨМнин жамааты, КРнын Аксакалдар Кеңеши, М.Шеримкулов, А.Малиев, О.Султанов, Р.Айтматова, К.Сартбаева, Д.Жалгасынова, Н.Алымбеков, А.Жусупбеков, В.Шаповалов, З.Усенбаев, Т.Ажымүдүнов, У.Туменбаев, К.Сапаков, К.Азыкбаев, Ж.Шакиралиев, Т.Кулумбаев, И.Жусубалиев, А.Аракеев, Э.Бегимкулов, М.Айбалаев, И.Саипов, К.Маматов, А.Касымов, А.Шералиев, К.Орозалиев, И.Мадинхай, К.Курманбеков, А.Насирдинов, Т.Сапарбаев, Г.Огай, Ш.Ибрагимов, Б.Турсуналиев, Кемелбаев, М.Саралинов, Д.Шадыбеков.

 

Пайдалуу
Ссылкалар