Эмгек жана социалдык ѳнүктүрүү министрлигинин коомдук кеңешинин мүчѳлѳрү менен министр А.К.Солтонбекованын жолугушуусу болуп ѳттү

2020-жылдын 9-декабрында Эмгек жана социалдык ѳнүктүрүү министрлигинин коомдук кеңешинин мүчѳлѳрү менен министр А.К.Солтонбекованын жолугушуусу болуп ѳттү. Ага статс-катчы К.Адиев да катышты. Жолугушуунун жүрүшүндѳ министрлик ишине байланыштуу бир катар маселелер, ошондой эле короновирус эпидемиясы учурунда министрликтин иши талкууланды. Ошондой эле учурдагы маселелер жана эмгек, иш менен камсыз кылуу, ДМЧА жана жетим балдарды колдоо чөйрөсүндө өз-ара иштешүүнү активдештирүү зарылдыгы боюнча пикир алмашышты.

Тактап айтканда, аялдарды кесиптин айрым түрлөрү боюнча иштөөгө тыюу салган кесиптердин тизмеси тууралуу маселе көтөрүлдү. Коомдук кеңештин мүчѳсү Э.С. Каипова бул Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген жана кепилденген эмгекке, кесипти жана билимди тандоо укугун бузуу болуп санала тургандыгын белгиледи. Мындан улам, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 158 токтому менен бекитилген жогорудагы тизмени жокко чыгаруу сунушталды.

Коомдук кеңештин мүчѳсү А. Кубанычбеков гуманитардык, демөөрчүлүк жардамдарды көрсөтүү менен алектенген кайрымдуулук коомдук уюмдарынын бирдиктүү базасын же аянтчасын түзүү жөнүндө маселени көтөрдү. Белгилүү болгондой эле, ѳлкөдөгү эпидемиологиялык абал учурунда калкка азык-түлүк жардамын көптөгөн коомдук уюмдар кѳрсѳттү, бирок бирдиктүү контролдун жоктугуна байланыштуу биргелешкен аракеттер жүргүзүлгѳн эмес,  бир эле районго же мекемеге жардам бир нече ирет келип түшкөн учурлар да орун алган, ошол эле учурда айрым муктаж адамдарга жардам кѳрсѳтүлгѳн эмес.

Мындан сырткары, ДМЧАны ишке орноштуруу, МСЭК кызматкерлеринин эмгек акысы, Министрликтин түзүмүн оптимизациялоо маселеси кѳтѳрүлүп, Министрликтин маалыматтык ишин күчөтүүнү сунушташты.

 

Пайдалуу
Ссылкалар