Чүй облусунун Озерный айылында социалдык шаарчанын ачылыш аземи өттү

Чүй облусунун Озерный айылында социалдык шаарчанын ачылыш аземи өттү.

Социалдык шаарча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылды “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында “Катар кайрымдуулук фонду тарабынан курулган.

Социалдык шаарчада 14 турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлө жашайт (жалгыз бой энелер, жесирлер).

Иш-чарада КРнын вице-премьер министри Равшанбек Сабиров, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова, КРнын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров, Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти, Катар Чарити кайрымдуулук фондунун директорунун м.а. Моххамад Хомам Ал Самман жана башкалар катышты.

Пайдалуу
Ссылкалар