«Ак-Журок» кризистик борборуна 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү сертификат жана күнүмдүк кийимдер тапшырылды

24 декабрь 2020-жыл, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы, B2B Globe демилгеси менен биргеликте гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүккө арналган “Зомбулукка Жол Жок!” Кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында чогултулган каражаттарды жана кийим-кечелерди тапшырды. Ош шаарында жайгашкан «Ак-Журок» кризистик борборуна 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү сертификат жана күнүмдүк кийимдер тапшырылды.

«Биз ушул оор мезгилде четте турбай, кризистик борборлорду колдоого салым кошкон бардык камкор жарандарга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул акция Өкмөттүн, эл аралык өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун, массалык маалымат каражаттарынын жана биздин ар бирибиздин биргелешкен аракеттерибиз менен аялдарга карата зомбулук көйгөйүн чечүү канчалык маанилүү экендигин көрсөттү», – деди Ализа Солтонбекова.

БУУӨПдун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлүнүн программалар боюча кеңешчиси Эркин Касыбековдун айтымында, гендердик зомбулукка каршы күрөшкөн кризистик борборлорду жана уюмдарды колдоо БУУӨПдун артыкчылыктуу багыты бойдон калууда, анткени гендердик теңчилик жана аялдардын потенциалын жогорулатуу уюмдун негизги программалык милдеттеринин бири болуп саналат.

“Кризистик борборлор зордук-зомбулукка кабылган аялдарга олуттуу жардам көрсөтөт жана алардын укуктарын коргоого жардам берет, атап айтканда, аларга өзүнө ишенип, зордук-зомбулуксуз жаңы жашоону баштоого жардам беришет”, – деди ал.

БУУ менен ЕБнын “Жарык Нуру” демилгесинин алкагында Кыргыз Республикасындагы БУУӨП тарабынан колдоого алынган В2B Globe кайрымдуулук акциясынын алкагында акча каражаттары жана кийим-кечелер ар кандай тиричилик буюмдарды, кийимдерди жана гүлдөрдү сатуу аркылуу чогултулган. Каражаттар коммуналдык кызматтарды төлөө жана турмуш-тиричилик жабдууларын сатып алуу сыяктуу кризистик борбордун негизги чыгымдарын жабууга жумшалат деп күтүлүүдө, эми кийим-кечелер борбордун жашоочуларына өткөрүлүп берилет.

“Зомбулукка Жол Жок!” Кайрымдуулук акциясы гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында жүргүзүлүп, 2020-жылдын 12-ноябрынан 12-декабрына чейин Бишкек шаарында өттү.

Акцияга 100гө жакын адам катышты. Акциянын уюштуруучулары дизайнердик үйлөрдүн жана кийим дүкөндөрүнүн аял ишкерлери катышкан чакан бизнестин салымын баса белгилешти. Акциянын негизги максаты – коомчулуктун көңүлүн гендердик зомбулук көйгөйүнө буруу жана зомбулуктан аман калган Кыргызстан аялдарына психосоциалдык, укуктук жана үй-бүлөлүк жардам көрсөтүү болуп саналат.

2020-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өнөктөштүктө аялдар менен кыздарга карата зомбулуктун бардык формаларын түп-тамырынан бери жок кылуу боюнча ЕБ менен БУУнун “Спотлайт” глобалдуу демилгесинин (Spotlight Initiative) алкагында көп жылдык өлкөлүк программаны ишке киргизишти.  Программанын максаты – Кыргызстандагы бардык аялдар менен кыздар, өзгөчө – аялуу катмардагылар зомбулуксуз жана зыяндуу практикасыз, анын ичинде – жаштайынан никеге тургузуу жана ала качуусуз жашаган чөйрөнү түзүү болуп саналат. Программа саясат жана мыйзамдар, институттарды бекемдөө, зомбулукту болтурбоо, зомбулуктан жабыр тарткандарга кызмат көрсөтүү, сапаттуу маалыматтарды топтоо жана аялдар кыймылдары менен жарандык коомду колдоо жаатындагы интеграцияланган чаралардын комплексин камтыйт. Программа БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Координаторунун жалпы жетекчилиги алдында  БУУнун беш агенттиги тарабынан ишке ашырылат (БУУ-Аялдар, ЮНФПА, БУУӨП, ЮНИСЕФ жана БУУ БКБ).