«Кыргыз Республикасындагы санариптештирүүнүн негизги багыттары: келечеги жана чакырыктар» конференциясы өттү

28-декабрда, «Кыргыз Республикасындагы  санариптештирүүнүн негизги багыттары: келечеги жана чакырыктар» конференциясында Эмгек жана социалдык ѳнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова “Санариптик технологиялар аркылуу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүнү” презентациялады.

Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жылды региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Министрлик санариптик трансформациялоо жана мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүү процесстерин автоматташтыруу чөйрөсүндө көптөгөн иштерди жасалгандыгын айтып ѳттү.

Мындан сырткары, бүгүнкү күндө Министрликте 7 маалыматтык система иштейт, анын жардамы менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар боюнча маалымат  базасы түзүлөт. Маалымат системалары бири-бири менен өз ара ийгиликтүү иштеп жатышат.

“Маалыматты электрондук алмашуунун жардамы менен мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүү үчүн талап кылынган 11 маалымкатты алууну автоматташтырууга жетиштик. 2020-жылы “Түндүк” ведомствлор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу транзакциялардын саны 5,7 миллиондон ашты, бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 2 эсе көп. Ошентип IT-технологиянын жардамы менен калктын аярлуу катмарына алардын социалдык кызматтарга жетүүсүнө шарттар түзүлдү. Коррупциялык тобокелчиликтер азаюу менен бирге, маалымкат алууга кеткен убакыт үнөмдөлөт”, – деди ал.

“Түндүк” жана «Соцсервис» мамлекеттик ишканалары менен бирге кызмат көрсөтүүлөрдү алууга электрондук арыз берүүнү камсыз кылган электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын 9 сервиси, ошондой эле арыздардын статусун текшерүү боюнча 9 сервис иштелип чыкты жана интеграцияланды.

Бул сервистердин жардамы менен мамлекеттик социалдык кызмат алууга укугу бар жарандар Интернетке жана электрондук кол тамгага жетүү менен үйдөн чыкпай электрондук арыз бере алышат.

2018-жылдан тарта бирдиктүү терезе принциби боюнча “балага сүйүнчү” төлөмүн автоматташтыруу боюнча долбоор ишке ашырылууда, анда калкты тейлөө же жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмдөрүнө “балага сүйүнчү” төлөмүн алууга арызды баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алууда бир эле учурда тапшырууга болот.

Анын айтымында, 2020-жылдагы жетишкендиктердин бири жарандарга асырап алууга талапкер статусун алуу үчүн электрондук арыз менен кайрылууга мүмкүнчүлүк берилди.

Мында баланы издөө процесстери автоматташтырылган жана аймактык бөлүмдөрдүн адистеринин аракеттеринин ачык-айкындуулугун камсыз кылат.

Ушул жылы zanyatost.kg. порталында «Жумуш издөөчү катары каттоого электрондук өтүнмө берүү» кызматы ишке киргизилди. Мындан тышкары, порталдын мобилдик нускасы бар жана майып адамдарга ылайыкташтырылган.

«Турмуштук оор кырдалда турган балдардын маалымат базасы» иштелип чыккан, анда турмуштук оор кырдаалда турган балдар катталып, үй-бүлө жана балдар менен жекече иштөө планы иштелип чыгат.

Мындан сырткары маалыматтын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй кошумча ресурстар иштелип чыккан:

– Министрликтин сайтында жайгаштырылган жана жарандарга мамлекеттик социалдык кызматтарды алуу укугун өз алдынча аныктоого мүмкүндүк берген электрондук калькулятор;

– социалдык стационардык мекемелерге келип түшкөн гуманитардык жардам жөнүндө маалыматтар жана башка өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына келип түшкөн гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жөнүндө маалыматтар.

Белгилей кетчүү жагдай, санариптештирүү чаралары төмөнкүлөргө мүмкүндүк берди:

– алынган социалдык кызматтардын даректүүлүгүн күчөтүү;

– маалымкат алууда ишти созуктурбоо;

– кызмат көрсөтүүлөрдү алууга кеткен убакытты кыскартуу;

– акча каражаттарын натыйжалуу бөлүштүрүү;

– жалган маалымкаттарды берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу.

 

Пайдалуу
Ссылкалар