«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын декабрь айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын декабрь айында  9154  телефондон кайрылуу (же бир суткада 295 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 245 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 78 же 31,8% жаш балдардан, ал эми 167 же 68,2% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 186 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 35 абонентке психологиялык консультация берилди, 24 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

245 чалуунун ичинен эркектерден – 64 (же 26,1 %), аялдардан – 181 (же 73,9%), алардын ичинен балдардан – 78: эркек балдардан – 30 (же 38,5%), кыздардан – 48 (же 61,5%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 47;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилеси тууралуу – 35;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 34;

– психологиялык жабырлануудан – 28;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 19;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 14;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 14;

-балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 11;

– ар кандай суроолор менен – 11;

– билим берүү системасы боюнча – 10;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 9;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 5;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин кызматкерлерине, же анын ишине нааразычылык билдирип– 5;

– суицид тууралуу кайрылуу – 3.

8909 абонент номерди туура эмес тергенде же жаңылып чалгандар, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын жан башка мекемелерди сурагандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 80 (же 32,7%);

– Чуй облусунан – 35 (же 14,3 %);

– Жалал-Абад облусунан – 21 (же 8,6%);

– Ош облусунан – 14 (же 5,7%);

– Ысык – Көл облусунан – 8 (же 3,3%);

– Баткен облусунан – 6 (же 2,4%);

– Ош шаарынан – 5 (же 2,0%);

– Нарын облусунан- 3 (же 1,2%);

– Талас облусунан – 3 (же 1,2%);

– анонимдерден – 70 (же 28,6%).

Пайдалуу
Ссылкалар