КРЭƟ министрлиги конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана өнүктүрүү министрлиги

бош турган административдик кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт 

Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

Башкы жана улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

Төмөнкүлөрдү билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

3) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;

4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;

5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы жөнүндө”.

7) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин.

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүсү;

Билгичтиги:

– компьютерде жана мобилдик түзүлүштөрдө иштөө;

– компьютер жана социалдык тармактарда иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (интернет, электрондук почта  ж.б.);

– чоң маалымат массивдери менен иштөө: жаңы маалыматтарды иштеп чыгуу жана түзүү;

– маалыматтарды берүү;

– оргтехника менен иштөө.

Бюджеттик пландаштыруу жана каржылоо башкармалыгынын бюджеттик пландоо сектору 

Башкы адис (У-Б) – 1 шт.бирдик

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

жогорку билим: финансылык, экономикалык.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы бир жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенциясы:

Төмөнкүлөрдү билүү:

– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;

– Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана аларды толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомун;

– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137 буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону.

Билгичтиги:

– социалдык төлөмдөр боюнча отчетторду (салыштырып текшерүү актысын) түзүүгө;

– бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын сметасын аткаруу боюнча бириктирилген балансты түзүү, баланска түшүндүрмө кат түзүү жана ведомстволук бөлүктөр боюнча баланстын эсептерине чечмелөө;

– маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аларды практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– жаңы эмгек шарттарына ыңгайлашуу

Көндүмдөр:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

– «1С-Бухгалтерия» компьютердик программасы.

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

1.Жеке арызы;

  1. Сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы (3х4);
  2. Автобиография (соттуулугу бар же жоктугу жөнүндө маалымат көрсөтүү менен);
  3. Резюме;
  4. Паспорттун же өзүн күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (паспортунун же ким экендигин аныктаган документинин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

6.Керектүү кесиптик билими, иш стажы жана квалификациясы жөнүндө тастыктоочу (нотариалдык жактан же иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин, билими тууралуу документтеринин, квалификациясын жогорулатуу, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү);

  1. Документтер ылдам тиккичте (скоросшиватель) Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 215 (Киев көчөсү менен кесилишет), 2-кабат, №204 кабинет дареги боюнча 2021-жылдын “20” январь күнү саат 18:00го чейин тапшырылышы керек.

Кошумча маалыматты 66-36-85 телефону же www.mlsp.gov.kg. сайты боюнча алуу болот.

Пайдалуу
Ссылкалар