Кыргыз Республикасынын Эмгек жана соМинистрликте Кыргыз Республикасында туруктуу ѳнүгүү максаттарынын логотибин иштеп чыгуу боюнча сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде Кыргыз Республикасында туруктуу ѳнүгүү максаттарынын логотибин иштеп чыгуу боюнча сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Сынак туруктуу өнүгүүнүн глобалдык максаттарын  улутташтыруу жана Кыргыз Республикаксында Туруктуу ѳнүгүү максаттарын алдыга жылдырууда колдонуу үчүн өткөрүлгө.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнүктүрүү министри А.Солтонбекова жана Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Туруктуу ѳнүгүү максаттарына логотипти тандоо боюнча конкурстук комиссиянын тѳрагасы А.Алыбаев алдынкы үч орунду алган конкурстун катышуучуларына баалуу белектерди тапшырышты.

Конкурстун жеңүүчүсү ѳлкѳнүн улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган, уникалдуу логотипти жараткан. Туруктуу ѳнүгүүнүн логотибинде кыргыздын боз үйүнүн стилдештирилген сүрѳтү чагылдырылган. Түндүк (боз үйдүн чатырынын так ортосунда), үй-бүлѳлүк баалуулуктарды, үй-бүлөнү жана адамды курчап турган тышкы дүйнѳдөгү аалам менен байланышканын билдирет. Үй-бүлѳ коомдун негизго жашоосу катары, бардык деңгээлде үй-бүлө биримдигинен тартып, дүйнө элдеринин чоң бирдиктүү үй-бүлөөсүнө чейин Туруктуу ѳнүгүүнү максаттарын ишке ашырууда жана жетишүүдө аны  менен тыгыз  байланышкан.

Автор Туруктуу ѳнүгүүнүн максаттарына 2030-жылга чейин жетүү үчүн бир үй-бүлѳ сыяктуу биригүүгѳ чакырат.

Логотиптин түсү дагы ѳзүнчѳ бир мааниге ээ. Көгүлтүр түстүү суу мөңгүлөрдүн символун чагылдырган. Бул Кыргызстан үчүн бакубат жашоонун жана жыргалчылыктын маанилүү булагы, айлана-чөйрөнү коргоонун символу болуп эсептелинет.

Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын логотибинин укук ээси Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги болуп саналат.

Маалымат үчүн: Туруктуу ѳнүгүү максаттары – бул БУУнун бардык мүчѳ мамлекеттери  2030-жылга чейин ишке ашырууга макул болгон 17 глобалдык максат жана 169 тийиштүү милдет. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 70-сессиясында (2015-жылдын сентябры) Кыргыз Республикасы БУУнун мүчө мамлекети катарында “Биздин дүйнөнүн өзгөрүүсү: 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби” резолюциясын жактырган.

Туруктуу  ѳнүгүү максаттары комплекстүү жана бөлүнгүс мүнөзгө ээ жана туруктуу өнүгүүнүн экономикалык, социалдык жана экологиялык үч компонентинин тең салмактуулугун камсыз кылат.  Туруктуу  ѳнгүүнүн максаттары жакырчылыкты жоюуга, планетанын ресурстарын сактап калууга жана бардыгына  бакубат жашоону  камсыз кылуу үчүн багытталган.

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар