«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын февраль айынын төртүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 22.02 –01 – мартына чейин 2071  телефондон кайрылуу (же бир суткада 295 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 54 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 16 же 29,6% жаш балдардан, ал эми 38 же 70,4% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 48 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 3 абонентке психологиялык консультация берилди, 3 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

54 чалуунун  ичинен эркектерден –14 (же 26,0%), аялдардан – 40 (же 74,0%), балдардан– 16: анын ичинен эркек балдардан – 5 (же 31,3%), кыздардан – 11 (же 68,7%).

          Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын  мамилелери тууралуу – 13;

 – балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу -7;

– финансылык, юридикалык  жана башка жардам сурап -6;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 6;

 – социалдык жардам сурап – 5;

– психологиялык жабырлануудан – 3;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 3;

– үй-бүлөлүк мамилелер чыр-чатактар – 3;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка   мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 3;

– ар кандай суроолор менен – 3;

 – аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

 – билим берүү системасы боюнча – 1.

2017 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 27  (же 50,0%);

– Жалал-Абад облусунан – 6 (же 11,1%);

– Ысык-Көл облусунан – 4 (же 7,4%);

– Чүй облусунан – 3 (же 5,6%);

– Нарын облусунан – 2 (же 3,7%);

– Ош шаарынан – 1 (же 1,8%);

– Ош облусунан – 1 (же 1,8%);

– Талас облусунан – 1 (же 1,8%);

– анонимдерден – 9 (же 16,7%).

Пайдалуу
Ссылкалар