«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын март айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 01 –08 – мартына чейин 1876  телефондон кайрылуу (же бир суткада 268 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 49 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 16 же 32,7% жаш балдардан, ал эми 33 же 67,3% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 30 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 10 абонентке психологиялык консультация берилди, 9 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

49 чалуунун  ичинен эркектерден –9 (же 18,4%), аялдардан – 40 (же 81,6%), балдардан– 16: анын ичинен эркек балдардан – 1 (же 6,3%), кыздардан – 15 (же 93,7%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– психологиялык жабырлануудан – 10;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын       мамилелери тууралуу – 8;

– социалдык жардам сурап – 8;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу -7;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 4;

– балдарга кайдыгер мамиле жасаган тууралуу-4;

– финансылык, юридикалык  жана башка жардам сурап -4;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

– медициналык камсыздоо боюнча-1. 

1827 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

 – Чүй облусунан – 16 (же 32,7%);

– Бишкек шаарынан – 9  (же 18,4%);

– Ысык-Көл облусунан – 6 (же 12,2%);

– Жалал-Абад облусунан – 3 (же 6,1%);

– Ош шаарынан – 3 (же 6,1%);

– Ош облусунан – 2 (же 4,1%);

– Талас облусунан – 2 (же 4,1%);

– Баткен обулусунан- 1 (же 2,0%)

– Нарын облусунан – 1 (же 2,0%);

– анонимдерден – 6 (же 12,2%).

Пайдалуу
Ссылкалар