«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын май айынын үчүнчү  жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 15–22 –майына чейин 2318 телефондон кайрылуу (же бир суткада 331 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 44 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 16 же 36,4% жаш балдардан, ал эми 28 же 63,6% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 33 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 7 абонентке психологиялык консультация берилди, 4 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

44 чалуунун  ичинен эркектерден – 9 (же 20,5%), аялдардан – 35 (же 79,5%), балдардан – 16: анын ичинен эркек балдардан – 3 (же 18,8%), кыздардан – 13 (же 81,2%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

  • финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 8;
  • психологиялык жабырлануудан – 7;
  • балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 5;
  • балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 5;
  • социалдык жардам сурап – 5;
  • мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 3;
  • БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 3;
  • аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 2
  • үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 2;
  • билим берүү системасы боюнча – 2
  • медициналык камсыздоо боюнча – 1;
  • ар кандай суроолор менен – 1.

2274 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

Бишкек шаарынан – 16  (же 36,4%);

Чүй облусунан – 9 (же 20,5%); 

Ысык-Көл облусунан – 4 (же 9,1%); 

Ош шаарынан – 3 (же 6,8%);

Ош облусунан – 2 (же 4,5%);

Талас обулусунан -2 (же 4,5%);

Жалал-Абад облусунан – 1 (же 2,3%);

Нарын облусунан – 1 (же 2,3%);

анонимдерден – 6 (же 13,6%).

Пайдалуу
Ссылкалар