Ализа Солтонбекова: “Жеке сектор өлкөдөгү саламаттыкты сактоо тармагында инновацияларды алып келет жана өнүктүрөт”.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова Кыргызстанда биринчи болуп саналган Түрк ден-соолук ПЭТ (позитрон-эмиссиялык томография) жана КТ (компьютердик томография) клиникасынын Бишкек шаарында ачылышында саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүүдөгү бизнестин жана инвесторлордун ролу чоң экендигин баса белгиледи.
Ализа Солтонбекова белгилегендей, Түрк ден-соолук клиникасынын ачылышы менен, буга чейин бир гана Түркияда позитрон-эмиссиялык томографтын жардамы менен жасалган заманбап диагностика эми Кыргызстанда жеткиликтүү болот. Диагноздун бул түрү рак жана башка ооруларды эрте диагностикалоо көйгөйүндө сапаттуу ачылыш жасоого мүмкүндүк берет.
Жаңы борбор жогорку технологиялык жабдуулар менен жабдылган жана Түркиядан жана Кыргызстандан өз тармагындагы адистерден түзүлгөн адистер тобунун жардамы менен эл аралык стандарттарга ылайык медициналык кызмат көрсөтүлөт.
Борбордун ачылышынын алкагында, конференциянын жүрүшүндө Кыргызстандын дарыгерлери Түркиядагы илимий конференцияга катышуусу үчүн чүчүкулак ойнотулду.
Ализа Солтонбекова үч жеңүүчүнү аныктап, лотерея өткөрдү.
Жеңүүчүлөр – дарыгерлер Элмира Абдышева, Сүйүтбек Дөөлөтбеков жана Гүлзада Аденова – 2021-жылдын 3-ноябрынан 8-ноябрына чейин Түркияда өтүүчү бул конференцияга катышышат
Пайдалуу
Ссылкалар