«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын июнь айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 1-июнунан –1 – июлуна чейин 8746 телефондон кайрылуу (же бир суткада 291 чалуу түшкөн).
Анын ичинен 223 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 80 же 36,0% жаш балдардан, ал эми 143 же 64,0% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 154 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 33 абонентке психологиялык консультация берилди, 36 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.
223 чалуунун ичинен эркектерден – 50 (же 22,4%), аялдардан – 173 (же 77,6%), балдардан–80: анын ичинен эркек балдардан – 12 (же 15,0%), кыздардан – 68 (же 85,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:
– социалдык жардам сурап – 41;
– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 32;
– психологиялык жабырлануудан – 29;
– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 28;
– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 20;
– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 14;
– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 13;
– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 13;
– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 11;
– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 7;
– медициналык камсыздоо боюнча – 7;
– билим берүү системасы боюнча – 4;
– ар кандай суроолор менен – 4.

8523 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция кызматын сурап, жаңылып чалгандар.
Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:
– Бишкек шаарынан – 74 (же 33,2%);
– Чүй облусунан – 30 (же 13,5%);
– Ысык-Көл облусунан – 17 (же 7,6%);
– Жалал-Абад облусунан – 16 (же 7,2%);
– Ош облусунан – 11 (же 4,9%);
– Ош шаарынан – 11 (же 4,9%);
– Талас облусунан – 10 (же 4,5%).
– Баткен облусунан – 8 (же 3,6%);
– Нарын облусунан – 5 (же 2,2%);
– анонимдер – 41 (же 18,4%).

Пайдалуу
Ссылкалар