«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын июнь айынын төртүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 22- июнунан – 1 – июлуна чейин 2733 телефондон кайрылуу (же бир суткада 303 чалуу) түшкөн.
Анын ичинен 56 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 19 же 34,0% жаш балдардан, ал эми 37 же 66,0% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 32 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 12 абонентке психологиялык консультация берилди, 12 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.
56 чалуунун ичинен эркектерден – 9 (же 16,1%), аялдардан – 47 (же 83,9%), балдардан– 19: анын ичинен эркек балдардан – 4 (же 21,0%), кыздардан – 15 (же 79,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:
– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 10;
– психологиялык жабырлануудан – 10;
– социалдык жардам сурап – 9;
– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 7;
– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 6;
– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;
– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 4;
– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 2;
– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 2;
– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 1;
– медициналык камсыздоо боюнча – 1.

2677 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция кызматын сурап, жаңылып чалгандар.
Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:
– Бишкек шаарынан – 20 (же 35,7%);
– Чүй облусунан – 7 (же 12,5%);
– Жалал-Абад облусунан – 6 ( же 10,7%);
– Ысык-Көл облусунан – 4 (же 7,1%);
– Талас облусунан – 4 (же 7,1%);
– Ош облусунан – 2 (же 3,6%);
– Ош шаарынан – 2 (же 3,6%);
– Нарын облусунан – 1 (же 1,8%);
– анонимдерден – 10 (же 17,9%).

Пайдалуу
Ссылкалар