«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын 6 айындагы иши тууралуу маалымат

Борбордун кызматкерлери күн сайын жана күнү-түнү 111 кыска номерине келип түшкөн чалууларды кабыл алышат, угат жана абоненттерге же консультация, же психологиялык жардам көрсөтөт. Кабыл алынган суроолор – чалуулар журналга катталат, аларга анкета толтурулат, бардык чалуулар жазылат.

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 6 айында (январь – июнь) 56714 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 313 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 1404 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 456 же 32,5% жаш балдардан, ал эми 948 же 67,5% чоң адамдардан). Анын ичинен 1029 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 195 абонентке психологиялык консультация берилди, 180 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

1404 чалуунун  ичинен эркектерден – 338 (же 24,1%), аялдардан – 1066 (же 75,9%), балдардан– 456: анын ичинен эркек балдардан – 104 (же 22,8%), кыздардан – 352 (же 77,2 %).

1404 кайрылган абоненттердин ичинен көбү 278 чоң адамдар же 19,8% социалдык жардам сурап чалган. Алар “үй-бүлөгө көмөк”, “балага сүйүнчү”, майыптык, жумушсуздук, камкорчусунан ажырагандыгы боюнча жөлөкпул, ДМЧ балдарды караган жеке ассистенттин кызмат акысын төлөө, майыптыгын тобун кайра карап чыгуу, баланы жана улгайган жаранды социалдык стационардык мекемеге (ССМ) орноштуруу, ССМдеги карантин, үй-бүлө жана балдарды текшерүү, бала асырап алуу, комкордукка алуу, фостердик үй-бүлө жөнүнө консультация, баланы энесине кайтарып берүү, ишке орноштуруу социалдык кызматкерди чакыруу, жөлөкпул алууга банктан эсеп ачуу боюнча кайрылышкан.

Кайрылуулардын экинчи позициясын психологиялык жактан жабырланган 180 же 12,8% абоненттердин чалуусу орун алган, алардын ичинен 101 жаш балдар кайрылган. Алардын кайрылуусуна таарыныч, стресс, коркуу, жалгыздык, депрессияга кабылуу, күнөөлүү, ишенбөө, тынчсыздануу, сүйгөндүк сезимдери, кол үзүү, өзүн төмөн баалоо, апатия, чарчоо, комплекстер, күмөн саноо, ата-энеси, достору, туугандары, өгөй атасы менен чыр–чатактар жана өз ара келишпестиктер, ата – энелер тарабынан баарлашуунун, энелик сүйүүнүн жетишпездиги, куугунтук маниясы, эркинин жетишпестиги, курбусунун өлүмү, суицидалдык ойлор, жыныстык катнашка кызыгуу, ден соолугунун абалы, ИИО кызматкерлерине кармалгандык, классташтары тарабынан ашкерелөө, ЖРТнүн төмөн баллы, хиджап кийүүгө мажбурлоо, COVID 19 оорусун жуктуруп алуу себеп болгон. 

180 абонент же 12,8% жардамга муктаж жарандар чалып, финансылык, гуманитардык жардам, убактылуу үй, психолог, юрист, логопед, психиатр, балага туулган тууралуу күбөлүк, балага ишеним кат алуу, адамды, өспүрүм балдарды, жоголгон буюмдарды издөө, жетим балдарга жардам берүү ниети, ӨИИ каттоодон чыгаруу, досуна жардам берүү, 102 Кызматынын кызматкерин чакыруу, мекеме жана уюмдардын даректерин сураган.

177 же 12,6% абонент баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын болгон өз ара  мамилелери боюнча чалышкан. Алар ата – энеси менен балдардын, туугандары, өгөй атасы, теңтуштары, мугалим менен өз ара түшүнбөстүктөрү, досу менен мамилесине жана ага кайгыруу, клептомания (уурулук кылуу), балага түрткү берүү, балдардын укугу, окуудагы кыйынчылыктар, өзү жөнүндө аңгеме, мобилдик телефондон көз каранды болуу, энеси тарабынан өтө камкордук көрүү, балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү тууралуу консультация алуу, намаз окуганды үйрөнү, өзү жөнүндө айтып берүү үчүн кайрылган.

145 же 10,3% абонент балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук ата – энеси, туугандары, өгөй энеси, өгөй атасы, мугалим, теңтуштары, кошунасы, өспүрүм балдар, ИТБМнин тарбиячысы тарабынан көрсөтүлгөнү тууралуу кабарлаган.

Үй–бүлөлүк мамилелер бузулуп жана чыр–чатактар чыккандыгы тууралуу 83 же 5,9% абонент чалган. Буларга аял – күйөөлөрү, ата – эне менен балдардын, өгөй ата мене баланын, туугандар, никеде турбаган күйөөсү менен өз ара түшүнбөстүктөр жана чыр–чатактар, баланы ата – энесинин бирөөсүнүн камкордугуна берүү, балдар менен жолугууга болгон тоскоолдук, алимент төлөбөгөндүк, аталык милдеттен ажыратуу, ажырашуунун процедурасы боюнча консультация алуу себеп болгон.

74 же 5,3% абонент «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун иши тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган.

69 же 4,9% абонент аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу кабарлаган (ата – эне, өгөй атасы, күйөөсү, туугандары, кошунасы, досу, никеде турбаган күйөөсү тарабынан).

49 же 3,4% кайрылуу балдарга карата ата – эне, чоң эне, өгөй ата, белгисиз адам тарабынан кайдыгер мамиле тууралуу болгон.

49 же 3,6% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине жана ишине нааразычылык билдирген (РИИБдүн, РЭСӨБтын, МСЭКтин, БҮИТтин,  айыл өкмөттүн, Софонддун, “Шанс” КБ, ЖОЖдун кызматкерлерине, сот аткаруучунун, соттун чечимине, иш берүүчүгө, үй комитетине).

43 же 3,1% чалуулар ар кандай суроолор боюнча болгон (электр энергиясын өчүрүп салганы, БҮИТ борборуна чалган өспүрүм кыз тууралуу маалымат, кошуналарга нааразычылык жана чыр–чатактар, ата- энелер комитетинин мүчөсүнө,  батирдин убактылуу жашоочуларын чыгаруу, аккаунтунун бузулушу, жеке менчикти ээлеп алгандык, мүлк бөлүштүрүү,  кемсинтүү, өлүм жазасын киргизүү сунушу, эмгек укугунун бузулушу, Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылуу, ТВдагы балдар берүүлөрү жана маалымат тууралуу, досуна телефон чалып берүү өтүнүчү, соцтармактагы опузалоо, орозо тутуу, жол кире төлөмү,  Баткендеги окуялар, психологдун консультациясы, эшиктин кулпусун ачуу тууралуу).

38 же 2,7% абонент медициналык камсыз кылуу (ден соолугунун көйгөйү, дарылануу, карантин, поликлиникага каттоо жөнүндө, өспүрүм кыздын боюнун өсүшү, жол кырсыгынан жабыркаган кыз жөнүндө маалымат алуу, бейтапканага, РПДСБ жайгаштыруу, доктурга, 103 тез жардам, 118 кызматына арыздануу, тез жардам кызматын чакыруу, COVID-19дан вакцина алуу) боюнча чалган.

Билим берүү системасы боюнча 34 же 2,4% абонент чалып, мектептин директоруна, мугалимге жана мектеп администрациясынын ишине арыздануу, аралыктан окуунун кыйынчылыктары, сабактарга катышпоо, мектептеги талаптар, мектепке, бала бакчага орноштуруу, бала бакчага электрондук кезек тууралуу билдирген.

3 же 0,3% суицид  тууралуу кайрылган.

2 абонент же 0,2% мектептеги рэкет тууралуу кабарлаган.

55310 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсү талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт. 

180 кабарланган билдирүүнүн ичинен 146 же 81,0% – райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына (РШЭСӨБ) жөнөтүлдү,  32 же 17,8% – ички иштер органдарына, ӨКМ 112 Кызматына – 1 же 0,6%, башкага – 1 же 0,6% жөнөтүлгөн.

Бул мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай өз ара иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн 1404 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек  шаарынан   –489 (же 34,8%;

– Чуй облусунан –220 (же 15,7%);

– Жалал – Абад облусунан –  105 (же 7,5%);

– Ысык – Көл облусунан – 102 (же 7,3%);

– Ош облусунан – 84 (же 6,0 %);

– Ош шаарынан – 61 (же 4,3%);

– Нарын облусунан –34 (же 2,4%);

– Талас облусунан – 38 (же 2,7%);

– Баткен облусунан – 30 (же 2,1%);

– анонимдерден – 241 (же 17,2%).

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү.

Балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу кайрылуулар боюнча 8 факты анык болуп, 5 үй-бүлө каттоого алынды, 1 бала психологдун консультациясына жөнөтүлдү, 2 факты боюнча 4 бала убактылуу үй-бүлөсүнөн алынып, реабилитациялык борборго убактылуу жайгаштырылды, 1 бала энесине кайтарылып берилди. 24 факты аныкталган эмес. Буга байланыштуу бардык үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу 2 кайрылуу боюнча факты аныкталган, ал эми 8 факты аныкталган эмес, үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

21 үй-бүлөгө райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлери жашаган жерине барып, изилдеп чыгып, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

17 абонентке райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан сунуштар жана консультациялар берилди.

1 үй-бүлөнүн балдарына “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул чектелди.

1 балага “балага сүйүнчү” жөлөкпул чектелди.

2 өспүрүм ата-энесине кайтарылып берилди.

Батирде турган жашоочуларга үй ээси тарабынан коркутуу 1 факты аныкталаган жок.

Балдарга карата кайдыгер мамиле жасаган ичкилик ичкен аял тууралуу 1 факты аныкталган жок.

1 өспүрүм ооруканага жайгаштырылды.

Үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу 5 кайрылуу тастыкталган эмес, райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

4 факты боюнча аялдар РШИИБ арыз менен кайрылуудан баш тартышты, 7 факты боюнча РШИИБ кызматкерлери тарабынан үй-бүлө менен профилактикалык иш чаралар өткөрүлдү, 1 коргоо ордери берилген, 1 факты боюнча жабырлануучу кайрадан арыз менен кайрылган.

2020 – жылдын 6 айы (3358 чалуу) менен 2021 – жылдын 6 айын салыштырганда, чалуулардын саны 2,4 эсе азайган. Чалуулардын азайышынын себеби, республиканын аймагында өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалга байланыштуу гуманитардык, финансылык жана башка жардамга муктаж жарандардын кайрылуулары жокко эсе болгон. Бирок быйылкы жылдын 6 ай мезгилинде телефон аркылуу абоненттерге берилген консультациялардын убактысынын көбөйгөнү байкалып турат.

Борборго келип түшкөн чалуулар тууралдуу маалымат  жума сайын Министрликтин сайтына жайгаштырылып турат. 2021-жылдын 9-июнунда Борбордун психологу КТРК Ала – Тоо 24 программасынын “Иш илгери” рубрикасына интервью берди. Ошондой эле «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун Facebook жана Instagram баракчасына роликтер жайгаштырылды.

Пайдалуу
Ссылкалар