«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын 8 айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын  8 айында (январь- август) 73834  телефондон кайрылуу (же бир суткада 303 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 1787 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 583 же 32,6% жаш балдардан, ал эми 1204 же 67,4% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 1295 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 243 абонентке психологиялык консультация берилди, 249 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

1787 чалуунун ичинен эркектерден – 433 (же 24,2%), аялдардан – 1354 (же 75,8%), балдардан – 583: анын ичинен эркек балдардан – 132 (же 22,6%), кыздардан – 451 (же 77,4%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 342;

– финансылык, юридикалык  жана башка жардам сурап – 244;

– психологиялык жабырлануудан – 227;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 223;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 204;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 101;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 92;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 89;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 63;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 57;

– ар кандай суроолор менен – 51;

– медициналык камсыздоо боюнча – 49;

– билим берүү системасы боюнча – 40;

– суицид тууралуу – 3;

– мектептеги рэкет тууралуу – 2.

72047 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 632 (же 35,4%);

– Чүй облусунан – 281 (же 15,7%);

– Жалал-Абад облусунан – 139 (же 8,5%);

– Ысык-Көл облусунан – 130 (же 7,3%);

– Ош облусунан – 109 (же 6,1%);

– Ош шаарынан – 70 (же 4,0%);

– Талас облусунан – 42 (же 2,3%);

– Баткен облусунан – 40 (же 2,2%);

– Нарын облусунан – 38 (же 2,1%);

– анонимдерден – 306 (же 17,1%).

Пайдалуу
Ссылкалар