«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын сентябрь айынын төртүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

 

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын  22 – сентябрынан  – 1 – октябрына чейин 1562  телефондон кайрылуу (же бир суткада 173 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 44 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 8 же 18,2% жаш балдардан, ал эми 36 же 81,8% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 31 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 6 абонентке психологиялык консультация берилди, 7 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

44 чалуунун  ичинен эркектерден – 7 (же 15,9%), аялдардан – 37 (же 84,1%), балдардан– 8: анын ичинен эркек балдардан – 1 (же 12,5%), кыздардан – 7 (же 87,5%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 10;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 7;

– психологиялык жабырлануудан – 5;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу –5;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 5;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 3;

– билим берүү системасы боюнча – 3;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 2;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

 – мектептеги рэкет тууралуу – 1;

– ар кандай суроолор менен – 1.

1518 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 20 (же 45,4%);

– Чүй облусунан – 5 (же 11,4%);

– Ысык – Көл облусунан – 4 (же 9,1%);

– Ош облусунан – 3 (же 6,8%);

– Жалал-Абад облусунан – 3 ( же 6,8%);

– Нарын облусунан – 2 (же 4,5%);       

– Ош шаарынан – 1 (же 2,3%);

– Талас облусунан – 1 (же 2,3%);

– анонимдерден – 5 (же 11,4%).

Пайдалуу
Ссылкалар