Министр: Үй-бүлөнү сактап калуу жана балдарга бактылуу балалык тартуулоо үчүн биринчи кезекте эркектер жоопкерчиликти өзүнө алышы керек

Бүгүн, үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен БУУнун Аялдар уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран гендердик теңчилик жаатында мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар гендердик саясатты илгерилетүү, ошондой эле демография жана калктын коопсуздугун камсыздоо маселелерин жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча бир катар маанилүү багыттарды талкуулашты.
Мындан тышкары, үй-бүлө институтун сактоо жана бекемдөө маселелерине токтолушту.
Министр жыл сайын көптөгөн үй-бүлөлөрдө эркектердин ролу минимумга чейин төмөндөп жатканын баса белгиледи. Бир жагынан аталар мурдагы авторитетин жоготсо, экинчи жагынан жоопкерчилик сезимин жоготушту.
«Аталар балдарды тарбиялоого катышпай атышат, балдары үчүн, үй-бүлө үчүн жоопкерчиликтен качышат. Натыйжада балдар же толук эмес үй-бүлөдө чоңоюшат, же алардын алдында алсыз, кыйынчылыктарга туруштук бере албай, ар кандай жолдор менен башка реалдуулукка өтүп кетишкен атаны көрүп чоңоюшат. Үй-бүлөнү сактап калуу жана балдарга бактылуу балалык тартуулоо үчүн биринчи кезекте эркектер жоопкерчиликти өзүнө алышы керек, ошондо гана үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту токтотуп, социалдык жетимдердин санын кыскартууга болот. Жоопкерчилик – бул эч кимге тубаса көндүм. Бул балага чоңойгондо ийгиликтүү болуунун пайдубалын түзүүгө жардам берет, андыктан жоопкерчиликке бала кезинен үйрөтүү керек”, – дейт К.Базарбаев.
Тараптар ошондой эле “Зомбулукту азыр токтоткула” аттуу 16 күндүк биргелешкен маалымат кампаниясын, ошондой эле демография жана калктын коопсуздугун камсыздоо маселелерин талкуулашты.
Пайдалуу
Ссылкалар