Ак калпак күнүнө кутуктоо

Урматтуу мекендештер!
Сиздерди кыргыз элинин улуттук баш кийими – Ак калпак күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Ак калпак – эң ыйык ата мурастарыбыздын бири. Элибиз кылымдар бою Ак калпакты аздектеп, кастарлап келген. Биз касиеттүү таберигибизди ыйык сактап, баалуулугун сыймыктануу менен дүйнө жүзүнө даңктап, келечек муундарга өткөрүп берүүбүз абзел.
Өлкөбүздө жашаган бардык улуттардын жана элдин каада-салтына, үрп-адатына, баалуулуктарына таянып гана, гүлдөгөн мамлекетти ийгиликтүү куруп, алдыга илгерилей алабыз.
Ошону менен бирге, үй-бүлөөлүк салтанаттарды, эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү максатка ылайыктуу, калктын баардык катмарын эске алуу менен, ар бирибиз пайдалуу иштерди өткөрүп, ак эмгегибиз менен өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүсүнө чогу салым кошушубуз керек.
Баардыгыңыздарды биримдикке чакырып, ак мөңгөлүү тоолорду жана элибиздин жан дүйнөсүнүн тазалыгын айгинелеген Ак калпагыбыздай бийик болушуңуздарды тилейм. Касиеттүү Ала-Тообуздун асманы ачык, жергебиз тынч, элибиз аман болсун!
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктап, сиздерге ден соолук, бакубат жашоо жана жаңы ийгиликтерди каалайм!
Возможно, это изображение (7 человек, люди стоят и в помещении)

 

Пайдалуу
Ссылкалар