Министр Жумгал районундагы көп балалуу үй-бүлөгө жардам көрсөттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев бүгүн иш сапары менен Жумгал районундагы Чаек айылына барып, Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан Алыбаевдердин көп балалуу үй-бүлөсүнө гуманитардык жардам тапшырды. Мирлан Алыбаев жубайы Асель Сатарова менен бирге 10 баланы тарбиялайт жана муктаж болгондордун категориясына кирет. Президенттин атынан үй-бүлө жылуу жууркан, куртка, бут кийим, муздаткыч, кир жуугуч машина, 3 кап ун, 20 литр май, 1 кап шекер түрүндөгү тамак-аш азыктарын алышты. Жумгал районунда алгачкы жолу “социалдык контракт” долбоорун ишке ашыруу башталды, анын алкагында муктаж болгон 50 үй-бүлө өз ишин баштоо үчүн 100 000 сомдон алышты.

Пайдалуу
Ссылкалар