Социалдык кызматкерлердин эмгек акылары 50 – 100 % жогорулады

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйыны болуп өттү, аны Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбекович Жапаров өткөрүштү.
Иш-чарага социалдык блоктун министрликтеринин: билим берүү министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, маданият министрлигинин өкүлдөрү менен катар Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери да катышышты.
Билим берүү, маданият, медицина, өлкөнү социалдык жактан камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жетишкендиктер жана көйгөйлөр талкууланды, министрлердин, эмгек сиңирген кызматкерлердин, аксакалдардын сүйлөгөн сөздөрү угулду.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров кеңешменин катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, өлкөнүн социалдык чөйрөсүнүн кызматкерлери үчүн эмгек акылардын массалык түрдө жогорулагандыгын жарыялады (50% дан 100% га чейин).
Пайдалуу
Ссылкалар