Мүмкүнчүлүгү чектелген жараандарды протездик ортопедиялык буюмдар менен камсыздоо 2022-жылдын 18 апрельден 22 апрельге чейин.

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин медициналык бөлүмү жуманын ичинде 154 Кыргызстандын ДМЧАна кызмат көрсөтүштү. Биринчи жолу кайрылгандарды жана протездөөнун оор түрүн жасап берүү максатында алыскы райондордон келген 6 ДМЧА Реаблитациялоо борборуна жаткырылды.

         Жуманын ичинде РПОБМде  114 жуп ортопедиялык бут кийим, 20 даана протездик-ортопедиялык буюмдары жана 22 даана корсет, бандаж, реклинатор буюмдары иштелип чыгарылган.

         Мамлекеттик сатып алуулар боюнча Кировдон ИСКОЖ ОАОсунан жүк алынды: микропор жана ортопедиялык бут кийим үчүн полиуретан таман. Жүк Ош филиалына микропор, полиуретан таман, бут кийим желим жана башка көмөкчү материалдар жөнөтүлгөн. Белоруссиядан бир жүк бут кийим желим жеткирилген.

Республикалык протездик – ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлери тарабынан эмгек тартиби сактоо ар дайым каралат.

Пайдалуу
Ссылкалар