«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын апрель айынын төртүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын  22 – апрелинен 1- майына чейин 2779 телефондон кайрылуу (же бир суткада 308 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 72 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 28 же 38,9% жаш балдардан, ал эми 44 же 61,1% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 49 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 8 абонентке психологиялык консультация берилди, 15 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

72 чалуунун  ичинен эркектерден – 20 (же 27,8%), аялдардан – 52 (же 72,2%), балдардан – 28: анын ичинен эркек балдардан – 8 (же 28,6%), кыздардан – 20 (же 71,4%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 16;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 16;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу– 9;

– психологиялык жабырлануудан – 8;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 6;

– БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 5;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 3;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, АӨБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 2; 

– билим берүү системасы боюнча – 2;                                                                                                                                                                                            

– башка суроолор менен – 2.

– үй- бүлөлүк мамилелер жана чыр- чатактар тууралуу – 1;

–  мектептеги рэкет туралуу- 1;

– суицид тууралуу-1

2669 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу, бирдик жүктөө боюнча, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 19 (же 26,3%);

– Ош облусунан – 11 (же 15,3%);

– Чүй облусунан – 8 (же 11,1%);

– Жалал- Абад облусунан – 7 (же 9,7%);

– Нарын  облусунан – 2 (же 2,8%);

– Ысык-Көл облусунан – 1 (же 1,4%);

– Баткен облусунан – 1 (же 1,4 %);  

– анонимдерден – 23 (же 32,0%).

Пайдалуу
Ссылкалар