Эмгек министирлиги Улуу Ата-Мекен согушунун ардагерлерин куттуктады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова 9-майга утурлай концлагердин жашы жете элек мурунку туткуну Василькова Анна Михайловнаны келе жаткан Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады.
Аны менен кошо мурунку туткунду көрүүгө Министрликтин кызматкерлеринин биринин уулу 10 жаштагы Сулайман Сыдыгалиев дагы барды. Анткени туткундун тарыхы жаш жеткинчекти абдан таасирленткен.
Анна Василькова концлагердин үрөй учурган кордуктарын 8 жашар кезинде башынан өткөруп, балалыгы каардуу сыноолорго, согуштун азаптарына жана оорчулугуна туш келген. Ал 2 жыл бою Калуга облусунда оккупацияда жүргөн, 2 жылдан соң 1943-жылы Германияга күчтөп чыгарылган. 10 жашар курагында Нойзальц-Шпремберг шаарындагы заводдо кара жумушчу болуп иштеп, 1945-жылы февраль айында бошотулган.
Анна Василькова үчүн акчалай белектерди жана таттууларды берип жатып, министрдин орун басары Жылдыз Полотова “Улуу Ата Мекендик согуштун бүткөнүнө 77 жыл болду. Жыл өткөн сайын кайраттуулук, эрк жана элдердин биримдигинин натыйжасында келген Улуу Жеңиштин мааниси жана мазмуну барган сайын өсүүдө.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин баатырдыгына терең урмат көрсөтүү менен, бир жолку материалдык жардам көрсөүүу максатында бул жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 100 миң сомдон берилди” – деп белгиледи.
Пайдалуу
Ссылкалар