«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын 4 айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 4 айында – (январь – апрель) 31858 телефондон кайрылуу (же бир суткада 365 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 949 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 196 же 20,6% жаш балдардан, ал эми 753 же 79,4% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 727 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 81 абонентке психологиялык консультация берилди, 141 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

949 чалуунун ичинен эркектерден – 240 (же 25,3%), аялдардан – 709 (же 74,7%), балдардан – 196: анын ичинен эркек балдардан – 59 (же 30,0%), кыздардан – 137 (же 70,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 300;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу– 138;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 110;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 77;

– аялдарга карата үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 40;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, АӨБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 40; 

– үй- бүлөлүк мамилелер жана чыр- чатактар тууралуу – 37;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 29;

– билим берүү системасы боюнча – 29;

– БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 29;

– башка суроолор менен – 25;

– психологиялык жабырлануудан – 21;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 8;

–  мектептеги рэкет туралуу- 4;

– суицид тууралуу-3.

30909 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу, бирдик жүктөө боюнча, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 324 (же 34,1%);

– Чүй облусунан – 149 (же 15,7%);

– Жалал- Абад облусунан – 78 (же 8,2%);

– Ош облусунан – 60 (же 6,3%);

– Ысык-Көл облусунан – 54 (же 5,7%);

– Ош шаарынан – 39 (же 4,1%);

– Баткен облусунан – 34 (же 3,6 %);  

– Талас облусунан – 26 (же 2,7%);

– Нарын облусунан – 19 (же 2,0%);

– анонимдерден – 166 (же 17,5%).

Пайдалуу
Ссылкалар