Эмгек министринин орун басары Нурдоолот Базарбаев БУУнун штаб-квартирасындагы миграция маселелерине арналган форумда сөз сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын делегациясынын башчысы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдоолот Базарбаев БУУнун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында эл аралык миграция маселелерин кароо боюнча форумдун ишине катышуунун алкагында билдирүү жасады.
Н.Базарбаев Кыргыз Республикасы глобалдык келишимге расмий Кошулган тарап эмес экендигин белгиледи. Ошону менен бирге Кыргызстан миграциялык саясатын күчөтүү жана туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча зарыл аракеттерди жасап жатат, аларда Глобалдык келишимдин бардык 23 максаты жана милдеттери камтылган.
Делегациянын башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасындагы миграция – адамдын эркин жүрүүгө жана жашаган жерин тандоого конституциялык жактан бекитилген жеке укуктарын камсыз кылуучу объективдүү процесс деп айты. Кыргыз Республикасы өлкөнүн ичинде, ошондой эле анын чегинен тышкары жерде жүргөн ар бир жаран үчүн татыктуу жашоо шарттарын жана анын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга умтулат.
Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын негизги максаты миграцияны пайда кылган жана коштогон жагымсыз факторлорду жеңилдетүүгө багытталган мамлекеттик программаларды ишке ашыруу аркылуу миграциялык процесстерди турукташтыруу жана өлкөнүн миграциялык саясатынын концепциясынын алкагында миграциялык потенциалды максималдуу ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат деди Н.Базарбаев.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында миграциялык процесстер дээрлик ар бир жаранга таасирин тийгизери белгиленди. Коопсуз, иреттүү жана мыйзамдуу миграцияны камсыз кылуу өлкөнүн артыкчылыктуу милдети экендиги баса белгиленди.
Делегация башчысы Кыргызстанда эмгек мигранттарынын квалификациясын жогорулатуу жана келген өлкөнүн миграциялык эрежелерин үйрөтүү үчүн чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борбору түзүлгөндүгүн маалымдады.
Сөзүнүн аягында Н.Базарбаев “БУУнун миграция маселелери боюнча тармагы” түзүмүнө, форумдун уюштуруучуларына жана өнөктөштөрүнө, анын ичинде миграция боюнча эл аралык уюмдун өнөктөштөрүнө жемиштүү кызматташуусу жана көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Пайдалуу
Ссылкалар