Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдоолот Базарбаев Түркия жана Филиппин Республикасынын делегацияларынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

БУУнун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында эл аралык миграция көйгөйлөрүн кароо боюнча форумдун ишине катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын делегациясынын башчысы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдоолот Базарбаев Түркия жана Филиппин Республикасынын делегацияларынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Бул жолугушуулардын жүрүшүндө эл аралык миграция маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар өлкөлөрдүн миграциялык саясат чөйрөсүндөгү ийгиликтүү тажрыйбаларын, ошондой эле эмгек мигранттарынын абалын жакшыртуу жолдорун талкуулашты. Делегаттар COVID-19 пандемиясынын мигранттарга тийгизген терс кесепеттерин жоюу боюнча тажрыйба алмашууга даяр экендиктерин билдиришти.
Пайдалуу
Ссылкалар