«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын май айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 1 – 31  – майына чейин 13171 телефондон кайрылуу (же бир суткада 424 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 307 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 108  же 35,2% жаш балдардан, ал эми 199 же 64,8% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 220  абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 38 абонентке психологиялык консультация берилди, 49 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

 307 чалуунун  ичинен эркектерден – 88 (же 28,7%), аялдардан – 219 (же 71,3%), балдардан – 108: анын ичинен эркек балдардан – 36 (же 33,3%), кыздардан – 72 (же 66,7%).

 Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 83;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, ата эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 40;

– психологиялык жабырлануудан – 37;

–  балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу  – 32;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү – 25;

– аялдарга карата үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 17;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 15;

– БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 14;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 11;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип –11;

– башка суроолор менен – 10;

– билим берүү системасы боюнча – 8;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 4.                                                                                                                                                                                                

12864 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

 Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 81 (же 26,4%);

– Чүй облусунан – 36 (же 11,7%);

– Ош облусунан – 28 (же 9,1%);

– Жалал-Абад облусунан – 23 (же 7,5%);

– Ысык-Көл облусунан – 20 (же 6,5%);

– Нарын облусунан  – 16 (же 5,2%);

– Ош шаарынан – 11 (же 3,6%);

– Баткен облусунан – 11 (же 3,6%);

– Талас облусунан – 4 (же 1,3%);

– анонимдерден – 77 (же 25,0%).

Пайдалуу
Ссылкалар