Эмгек министри Кудайберген Базарбаев: Улуу Британияда 7 миңден ашык кыргызстандык жумушка арыз берген

Ушул жылдан баштап кыргызстандыктардын Улуу Британияга (Ирландия, Шотландия Уэльс жана Англия) 6 айга чейин жумушка кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Миграция жана өнүгүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр”форумунда билдирди.
“2022- жылдын, 16 -мартында министрликтин чет өлкөлөрдөгү жарандарды жумушка орноштуруу борбору жарандарды Айыл чарба тармагында мезгилдүү жумуштарга тартуу жана Улуу Британияга жумушка орноштуруу боюнча келишим түзгөн. Макулдашууга ылайык, 2022-жылга Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 1000 адамдан турган квота бөлүнгөн.
Жарандар арасында каттоо жана тандоо акысыз жана өз алдынча “AgroHR” компаниясынын сайтында жүргүзүлдү. 2022-жылы 1 июнуна 7 миңден ашуун жарандар Англияга барууга каалоосун билдирген. Май айында Лондонго 203 кыргызстандык учуп кетти, июнь айында 400дөн ашуун жаран учушу керек”, – деди министр.
Возможно, это изображение 1 человек, в помещении и текст «ORION»
Пайдалуу
Ссылкалар