Эмгек министри Японияга кандай багыттар боюнча иштөөгө боло тургандыгын айтып берди

Бүгүн Бишкекте “Миграция жана өнүгүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” форумунда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев эмгек миграциясы жаатындагы жаңы багыт жөнүндө айтып берди.
“Эмгек министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин алдындагы япон таануу институту жана Япониянын” кесиптик союзу ” ортосунда келишим түзүлдү. Документке ылайык, 18 жаштан 35 жашка чейинки кыргызстандыктар Японияда үч багыт – тигүү, медайымдар, курулуш иштери боюнча ишке орношо алышат.
Эмгек келишимдери үч жылга чейин түзүлөт. Биздин жарандар медициналык камсыздандыруу, турак жай менен камсыз болушат, келишим аяктагандан кийин төлөнгөн пенсиялык салыктын 80% кайтарып алууга укуктуу болушат. Быйыл 400гө чейин жаранды жөнөтүү пландалууда”, – деди ал.
Пайдалуу
Ссылкалар