Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жаңы реабилитациялык борбор ачылат – эмгек министри

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жаңы реабилитациялык борбор ачылат. Бул максаттарга Жибек – Жолу 519 жана 521 дарегинде жайгашкан, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйү болгон жайлар өткөрүлүп берилет.
Министр Кудайберген Базарбаев майыптардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн өлкөдө болуп көрбөгөндөй кадамдар жасалып жатканын билдирди.
“Президенттин Жарлыгы менен биринчи жолу чоң кишилерге жана майыптыгы бар балдарга жөлөк пулдар, ошондой эле өзгөчө балдарын багып жүргөн ата – энелерге жеке жардамчыларга төлөмдөр көбөйтүлдү. 1-июндан баштап жеке жардамчынын кызматын балдар гана эмес, 18 жаштан жогору ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар да ала алышат.
Бул жайларды өткөрүп берүү аяктагандан кийин, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн акысыз реабилитациялык борбор ачуу ишин баштайбыз. Өзгөчө баласы бар ар бир үй-бүлө жеке кызматтарга акы төлөй албастыгын баарыбыз билебиз. Эми мамлекет заманбап борбордо сапаттуу кызматтарды акысыз көрсөтөт. Борбор бир эле учурда 100гө чейин баланы кабыл ала алат”, – деди Кудайберген Базарбаев.
Бүгүн Кыргызстанда 32 миң майып бала жашайт. Министрликте өлкө боюнча заманбап реабилитациялык борборлорду ачуу ведомствонун ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
Возможно, это изображение 1 человек и на открытом воздухе
Пайдалуу
Ссылкалар