Жакырчылык менен күрөшүү чаралары күчөтүлөт

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев БУУнун Кеңешинин өтө жакырчылык жана Адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Оливье де Шуттер менен жолугушуу учурунда билдирди.
Министр азыркы учурда министрлик жакырчылык менен күрөшүүгө багытталган активдүү чараларды көрүп жаткандыгын айтты.
“Жумгал жана Кадамжай райондорунда биз “социалдык контракт” долбоорун ишке киргиздик, анын алкагында бул райондордон 100 үй-бүлө 100 миң сомдон алышты, бул каражаттарды алар өз ишин баштоо үчүн колдонушат.
Алдын ала жыйынтыктар көрсөткөндөй, бардык үй-бүлөлөр Айыл чарба, кондитердик азыктар, газ бышыруу сыяктуу багыттарда чакан бизнес ачуу менен жакшы натыйжаларды көрсөтүп жатышат”, – деди министр.
Возможно, это изображение 4 человека, люди сидят, люди стоят и в помещении
Пайдалуу
Ссылкалар